super.kg logo

АКШ, Европа жана Түркия Boeing 737 MAX 9 учагын колдонууну токтотту

 

Европанын Авиация коопсуздугу боюнча агенттиги (EASA) акыркы окуядан кийин Boeing 737 MAX 9 моделиндеги учактарды токтотууга буйрук берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Европанын Авиация коопсуздугу боюнча агенттиги MAX 9 учагы боюнча FAA директивасын кабыл алды", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга америкалык Alaska Airlines авиакомпаниясы менен болгон окуя себеп болгон. Ө з кезегинде Улуу Британиянын авиациялык жөнгө салуучу органы Boeing 737 MAX 9 учагын иштеткен бардык авиакомпаниялардан Улуу Британиянын аба мейкиндигине кирүү алдында FAA көрсөтмөлөрүн аткарууну талап кылаарын билдирди.

Ошондой эле Түркиянын Turkish Airlines авиакомпаниясы текшерүү жүргүзүү үчүн алган өзүнүн беш Boeing 737 MAX 9 учагынын ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу түрк авиакомпаниясынын вице-президенти Яхья Устун билдирди.

Жүргүнчүлөрдү ташыган Alaska Airlines компаниясынын жаңы учагы АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарына шашылыш конду. Учуу маалында учактын эшигинин бир бөлүгү жулунуп, жүргүнчү салонунун басымы түшүрүлгөн. Окуядан улам компания бул үлгүдөгү 65 учактын баарын убактылуу иштен чыгарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: