Кара-Суу районундагы №95-орто мектепте өрт чыгып, ашканасынын 35 чарчы метр шыбы күйүп кетти
Бүгүн, 18-декабрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сары-Колот айылындагы №95-орто мектепте өрт чыккан. Анда мектептин ашканасы өрттөнүп, 35 чарчы метр шыбы күйгөн. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул өрт кырсыгы саат 00:37лер чамасында катталган. Тилсиз жоо мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан келип чыккан. Учурда келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.