Бишкекте Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт
17-январда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.Ага ылайык, иш-чара акындын туулган күнүндө — 17-январда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Анда Иманалиев түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Uri24
08.01.2024. 10:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эскерүү бул жолугушуунун бир түрү. Кыргыздын ар бир инсанын даназалоо керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















