Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кайрадан бет кап режимине өтүү керектигин айтты
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 оорусу кайрадан күчөп жаткандыгына байланыштуу бет кап кийүүнү жана социалдык аралыкты сактоону улантууга чакырат. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Тедрос Гебрейесус Х (мурдагы Twitter) социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка караганда, Тедрос Гебрейесус коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгынан улам бет кап кийүү зарылдыгын айтып, коронавирустун, тумоонун тесттерин тапшырууга үндөдү.
Айтымында, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бир канча аптадан бери аталган инфекцияны жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Буга майрамдар себеп болушу мүмкүн.
Мындан улам ал бардык мамлекеттердин бийлигин вирустун мутацияга кабылуу ыктымалдыгына көзөмөл жүргүзүүнү сунуштады.
Эске салсак, COVID-19 пандемиясы алгачкы жолу 2019-жылы декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталган. 2020-жылы январда ДССУ аталган ооруну эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жана 11-мартта жугуштуу, коркунучтуу илдет деп жарыялаган.
Бүгүнкү күндө акыркы маалыматтар боюнча коронавирусту 773 миллион адам жуктурса, ал эми 6,9 миллиону оорунун кесепетинен көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.