super.kg logo
  Саясат  

Тууну көтөрүү аземине эмне үчүн президент катышкан жок? Сүйүнбек Касмамбетов себебин түшүндүрдү

 

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн жаңыланган туусун көтөрүү аземине эмне үчүн президент Садыр Жапаров катышпагандыгынын себебин түшүндүрдү.

"Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок, негизги идея сакталып, бир аз гана техникалык өзгөртүүлөр киргизилди. Ошого байланыштуу иш-чараны Садыр Жапаровсуз өткөрүү чечими кабыл алынды", - деди Касмамбетов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында парламент тарабынан бекитилген туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

“Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу 1-январда илинген. Андан кийин анын нурлары 40 эмес, 39 экенин айтып, нааразычылыгын билдиргендер болгон. Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш бекиткен эмес, башка желек илингенин айтышкан. Мындай пикирлерге президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берип, ушактарга ишенбей аянтка келип туунун нурларын санап кетүүгө чакырган.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.
Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Бул демилге коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан. Аны Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: