Өлкөдө бир жумада 17 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Өлкө аймагында 1-январдан 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу - 196;
- мас абалында унаа башкаруу - 208;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 32;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуулар - 754;
- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу - 2 080;
- автоээнбаштык - 7;
- ылдамдыктан ашырып айдоо - 3 442;
- жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 4;
- башка эреже бузуулар - 9 472.
Кошумчалангандай, жол инспекторлору тарабынан 1 091 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.