super.kg logo

 Жогорку соттун төрагасы ыкчам жыйын өткөрдү

 

Бүгүн, 8-январда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун төрагалары жана судьялары катышты.

Кеңешменин негизги маселеси Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун тергөө судьялары тарабынан иштерди кароонун сапатын талкуулоо болду. Тергөө судьялары материалдарды кабыл алууда, кароодо жана чечим чыгарууда өзгөчө этият болуусу керектиги белгиленди.

"Замирбек Базарбеков тергөө судьясы — бул шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья экенин эске салды. Ошондой эле судьялар сот бийлигин алып жүрүүчүлөр экендигин баса белгилеп, судьялар корпусунун көз карандысыздыгын камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө басым жасады", - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге мыйзамдын талаптарын жана ченемдерин так сактоону талап кылып, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо жана судьялар тарабынан процесстик бузууларды жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Жыйынтыгында ал ар бир мыйзам бузуу үчүн судьялар белгиленген жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып, эч ким жазасыз калбашы зарыл экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: