Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан COVID-19га каршы эмдөө алды
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы кайрадан эмдөө алды. Ал ДССУнун алдын ала квалификацияланган Sinovac вакцинасын алганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз, бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деп белгилеген Бейшеналиев.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда Sinovac вакцинасынын 150 миң дозасы бар - жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин. Pfizer вакцинасынын 20 000 дозасы да биринчи кварталда келиши күтүлүүдө.
Өлкөдө жума сайын экиден алтыга чейин коронавирустун учуру катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.
