Шакиев баштаган депутаттар коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты






Бүгүн, 8-январда Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, мамлекеттик ишмерлер жана Жеңишбек Бекболотовдун жакындары катышты.
Анда төрага Шакиев маркумдун байсалдуу өмүр жолу тууралуу сөз кылып, илим изилдөө жаатындагы жасаган иштерине токтолду.
Белгилей кетсек, Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. Ал 7-январда узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.