Курсанали Бакыев: "Чек арабыз чечилсе курмандыгыма ыраазымын"
SUPER.KG порталынын кезектеги каарманы Баткен окуясында майып болуп, 2 жарым жылдан бери майыптар арабасында отуруп, жеке ишкерлик менен алектенген Курсанали Бакыев болду. Ал жардам алуучулардан эмес, берүүчүлөрдөн болгусу келерин айтты.
Каарманыбыз Баткен окуясында кантип бутунан жараат алганын өзү да билбей калган. Ошондой эле ал кайрадан бутуна туруп, басып кетерине көп убакыт бар экендигин кошумчалады.
"Биз ошол күнү жумушта элек. Дос балам келип "атышып жатышыптыр баралы" деп калды. Заставага барып, аскер кызматкерлерине ок ташып берип жаткан элек. Бир учурда бутум баспай калды. Кантип жаракат алганымды да билбей калдым. БТР менен ооруканага алып барышты. Негизи мен 2-3 ай ичинде кайра басып кетем го деп ойлогом. Бирок сыноо экен да. Ушул бойдон калып калдым. Басып кетериме көп убакыт бар дешти дарыгерлер", - деди Курсанали.
Мындан тышкары ал учурда иштетип жаткан жеке ишканасы кененирээк айтып берди. Толугу менен төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүздөр.
