Кыргызстанга Түркиянын тышкы иштер министри расмий сапары менен келет
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Анын визити 8-9-январга пландалган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт.
Ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
Рейтинг:
0

