super.kg logo

Палестинага жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 307 миң сом түштү

 

Бүгүн, 8-январга карата Газа секторуна жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 307 миң 465 сом жана 1000 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдады.

Реквизиттери:

Алуучунун банкы: «Айыл Банк» ААК
ИНН 41002202310503
БИК 135039
ОКПО 31816860

Эсептин номери: №1350158030000557 "Финансы министрлиги (Газа секторунун жарандарына жардам берүүгө акча каражаттарын топтоо үчүн эсеп)" (сом, доллары, евро, рубль)

Төлөм коду: 14411100 – "учурдагы жардам".

Белгилей кетсек, Израиль менен Палестинанын согушуна 7-январда толук үч ай болду. Бул убакыт аралыгында Израиль армиясы Газа тилкесинде жашаган 22 835 карапайым калкты өлтүргөнү айтылат. Муну менен катар миңдеген имараттарды талкалап, аймактын 90 пайыз калкы үй-жайсыз калды. Израилдин чабуулу башталгандан бери 2,3 миллиондон ашуун Газа тургуну өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми Израиль тарап ХАМАСтын чабуулунан 1400 адам каза таап, 5 миңден ашык израилдик жаракат алганын билдирген.

Газа өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, учурдагы суукта чатырда баш калкалап жаткан Газа калкы жардамдын бардык түрүнө муктаж болуп турган чагы. Аларга гуманитардык жардамдардын санын көбөйтпөсө ачарчылыктан кырылуу коркунучу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: