super.kg logo

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберүүгө шектелген кызматкерлер камакка алынды (видео)

 

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберүүгө шектелген кызматкерлер камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Ысык-Ата районуна атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Анын негизинде 2017-2018-жылдары Новопокровка айыл өкмөтүнө караштуу 20 гектар аңыз-шалбаа турак жай куруу үчүн сатылып кеткени аныкталган.

Мыйзамсыз түшкөн үйлөрдү документтештирүү, айыл чарба жерлерин турак жай категориясына которуу максатында 2023-жылдын февраль айында Жер комиссиясы жана Ысык-Ата акимиаты атайын буйрук чыгарып берген.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголду.

Ага байланыштуу Кылмыш иликтөө башкармалыгы Новопокровка айыл өкмөтүнүн кеңсесине, андан тышкары 16 тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөн.

"Анда бир катар мыйзамсыз документтер алынып, кылмышка шектүү катары айыл өкмөт башчысы, анын орун басары, "Кадастрдын" Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, мекеменин кызматкери, жер сатууда ортомчулук кылган Аламүдүн районунун тургуну камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө жүрүп жатат.






Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберүүгө шектелген кызматкерлер камакка алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: