Легендарлуу футболчу Франц Беккенбауэр каза болду
Германияда легендарлуу немис футболчусу, 1974-жылкы дүйнө чемпиону Франц Беккенбауэр 78 жашында каза болду. Анын каза болгонун белгилүү спорт журналисти жана кабарчысы Фабрицио Романо билдиргенин басылмалар жазышты.
Экс-футболчунун ден соолугу жай мезгилинде эле начарлай баштаган. Беккенбауэр кечээ, 7-январда каза болгон.
"Франц Беккенбауэр кечээ, жекшемби күнү жакындарынын курчоосунда уктап жаткан бойдон каза болгонун терең кайгыруу менен билдиребиз", - деп билдиришкен анын жакындары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.