super.kg logo

Арстан Алайдын уулу: "Кыргыз элимден суранам, атамды тынч койгулачы"

 

Бишкекте абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаевди (Арстан Алай) акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-январда өтүп, сөөгү шаар четиндеги Орок айылына коюлган.

Маркумдун уулу Ауирдин SUPER.KG порталына маек берип жатып кыргыз элинен атасынын артынан жаман сөз айтпай, тынч коюусун суранды.

"Кыргыз элинен суранат элем, атамды тынч койгулачы. Артынан жаман сүйлөбөйлүчү. Бир туугандарыма, апама да кыйын. Атамдай адам бир кылымда бир төрөлөт. "Кыргыз" деп күйүп жүрүп өтүп кетти. Патриот болчу. Менин оюмча биздин эл мындай атамга татыктуу эмес. Башка жерде төрөлсө балким башкача болмок. Атамдын өзүнө кол салды дегенине такыр ишенбейм. Акыйкатты талап кылабыз", - деп көзүнө жаш алды.

Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.

Толугу менен SUPER.KG порталынын You Tube каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.01.2024. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пейили бузук адамдар жарыбайсынар. Ичи бузуку молдолор, арам ойлуу динчилдер оозунан чириген создорду суйлоп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: