Өлкөдө адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашык камера иштеп жатат
Ички иштер министрлиги укук бузууларды аныктоо максатында коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулганын билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 800дөн ашык видеокамера ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган жана 100дөн ашык камера адамды жүзүнөн тануучу ситемага туташтырылган.
"Өлкөдөгү бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу 24 саат, 7 күн бою көзөмөлгө алынат. Өткөн жылы видеокамералар аркылуу 3300дөн ашык кылмыш жана окуялар аныкталып, ар бирине мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынды.
Видеокамералардын жардамы менен 2023-жылдын ичинде 3 миңге жакын кылмыш ачылды, издөөдө жүргөн 800дөн ашык анан ичинен 100дөн ашыгы эл аралык, интерполдо издөөдө жүргөн кылмышкерлер кармалып, 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталып, 200дөй мушташтын алдын алуу иш аракеттери жүзүнө ашырылган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайлары 300дөн ашык видеокамера менен көзөмөлгө алынып турары кошумчаланды.
