super.kg logo

Чүйдө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине батирдин ачкычы тапшырылды

 

Чүй облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эң улуу ардагери, 100 жаштагы Кошкоро Жаманкуловго мамлекеттен белек катары Кара-Балта шаарынан батир тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ардагерге үйдүн ачкычын жаңы жыл алдында тагыраагы, 30-декабрда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев тапшырган. Ошондой эле ага ардактуу атуул наамы да ыйгарылды.

1924-жылы туулган ардагер Кошкоро Жаманкулов учурда кичүү уулу, келини жана неберелери менен Суусамырда, Кайсар айылында жашайт. Аксакалдын үй-бүлөсү чоң – 7 баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.






Чүйдө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине мамлекеттен үй белекке берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: