super.kg logo

Жазаларды аткаруу кызматы "Кримтөбөл Женго абакта каза тапты" деген кептерге жооп берди

 

Бүгүн, 9-январда Жазаларды аткаруу кызматы "Кримтөбөл Женго абакта каза тапты" деген маалыматты четке какты. Буга чейин социалдык тармактарда анын каза тапканы тууралуу айың кептер айтылып жаткан.

"Женго" каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн сабагандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында былтыр 13-январда кармалганы кабарланган. Анда калаадагы Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бири оор жаракат алып ооруканага жеткирилсе, экинчиси каза болгон.

Ал Ош шаарындагы 5-СИЗОго камалган. 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Женгону Бишкекке алдыртып жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: