super.kg logo

"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Ташиевге кайрылды

 

Кечээ, 9-январда УКМКга "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин мүчөсү Орозбакова Лиза кайрылуу киргизди. Кайрылуу аталган коомдун мүчөлөрү тарабынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жазылган.

Анда мамлекет тарабынан бөлүнгөн жана коомдук бирикмеге таандык ишканалардын ижарага берилген каражаттар кайда кетип жатканын тактап берүүнү өтүнгөн. Ошондой эле коомдун жетекчиси Канат Жапаровдун дипломун текшерип берүүнү суранышкан.

Мындан тышкары, мурдагы жетекчи Марат Ташбаевдин учурунда чогулган 997 миллион сом кайда жумшалганы белгисиз болуп калганын айтышкан.

Кайрылууда Финансы министрлиги тарабынан көзү азиздерге жана угуусу начар жарандарга жумуш ордун түзүп берүү үчүн 30 миллион сом бөлүнүп келери жана майыптыгы бар жарандарга керектүү каражаттарды сатып алууга 11 миллион сом бөлүнүп турары айтылат. Бирок ал акча каражаттары жумуш орундарын түзгөнгө жумшалбаганы айтылган. Ошондой эле бирикменин балансында тигүү жана эмерек цехи, "Орбита" пансионаты, 70 гектар жер тилкеси жана башка объектилери бар экени жазылат. Ал эми 2022-жылдын 30-июнда шайланган төрага Канат Жапаровдун тушунда абал көлүң жылытарлык эместигин белгилешкен.

"Жаңы төрага шайланса да коомдук уюмдун катардагы мүчөлөрүнүн жашоосу оңолуп кеткен жок. Тескерисинче, ого бетер начарлап кетти. Бардык ижаралык ишканаларда майыптыгы бар адамдар массалык иштен бошотуу башталды. Биздин маалымат боюнча коомдук бирикменин казынасына жыл сайын жерди жана имараттарды ижарага берүүдөн 40-50 миллион сом, мамлекеттик кардарларга кийим-кече жана эмеректерди сатуудан 120-150 миллион сом түшөт. Бирок, жетекчилик биркменин бир дагы мүчөсүнө материалдык жардам берген эмес, жада калса операциябызга дагы акча беришпейт", - деп жазылат кайрылуунун текстинде.

Ошондой эле кайрылууда коомдук бирикменин мүчөлөрү УКМКга текшерүү иштеринде ар тараптап жардам берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Аталган коомдук бирикменин сайтында аларга тийиштүү болгон 11 ишкана жана 3 мекеме бар экенин көрсөтүлгөн. Жарандардын кайрылуусу боюнча Канат Жапаровдун кеңешчиси Бекболсун Алымбаев төмөнкүлөрдү билдирди.

Ал коомдук бирикменин ишинде эч кандай коррупциялык иштер жок экенин айтып, буга чейин Эсеп палатасы текшерип келгенин белгиледи.

"Биз мамлекетик уюм эмеспиз. Биз коомдук бирикмебиз. Андыктан коомдук бирикмеде коррупциялык схема деген болушу мүмкүн эмес. Биздин бирикмени 2016-17-18-жылдары Эсеп палатасы текшерип, бир дагы катачылык табылган эмес", - деди ал.

Ошондой эле ижарага берилген жерлер, ишканалар бар экенин тастыктап, алар коомдун пайдасына иштетилип жатканын айтты.

"Бизде 11 ишкана бар. Анын бардыгы иштейт. Анан ижарага берилүүчү дагы, берилбөөчү жерлери дагы бар", - деди ал.

Ал эми кайрылууда айтылган цифралар боюнча Финансы министрлигинен маалымат алууну кошумчалады.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: