2010-жылдын курмандыктарына берилчү жөлөк пул көбөйдү
2010-жылдын апрель-июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилчү жөлөк пул көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, жөлөк пулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго чейин көбөйгөн.
Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт. Алардын 194ү - 18 жашка чейинки балдар, 215и - майыптыгы бар адамдар, экөө - ата-эне.
Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелинде өлкө калкы качкын президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгып, бийлик өкүлдөрү элге ок аткан. Кандуу кагылышта 100гө чукул адам курман болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алган.
Ушул эле жылдын 10-июнунда Ош жана Жалал-Абад облусунда кыргыз-өзбек жаңжалы чыккан. Кырдаал 15-июнда турукташкан. Андан расмий маалыматтар боюнча 900гө чукул, бейрасмий маалыматтар боюнча 2 миң чамалуу адам каза таап, 3 миңден ашык адам ар кандай жаракат алган.



