super.kg logo

Оштогу белгилүү "Царский двор” кафеси даракты кыйып салгандыгы үчүн жабылды

 

Ош шаарында белгилүү болгон “Царский двор” кафеси жабылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган кафе астында турган даракты түбүнөн кыйып салганы үчүн жабылды. Мындай аракеттерден кийин мэрия тарабынан тамактануучу жай жайгашкан жерди ижарага берүү келишими үзүлүп, бошотуп чыгып кетүү талабы коюлду.

Ошол эле учурда “Жашыл чарба” ишканасынын директору бул сыяктуу катаал чаралар көрүлбөсө эртең дагы башка ээн баштар чыга берерин кошумчалады.

"Оштогу Экотехкөзөмөл кызматы кафенин жетекчилигине 15 дарактын кооптуу бутактарын бутоого уруксат берген. Бирок алар өз билемдик менен "Бака терек" дарагын түбүнөн кыйып таштаганы белгиленди. Бул үчүн 37,6 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: