super.kg logo

Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды 

 

Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Кыргыз кинематографисттер уюмунун төрагасы Таалай Кулмендеев, кино жана сүрөт искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү, туугандары катышты.

"Эл сүрөтчүсүн акыркы сапарга узатууда анын кыргыз маданиятындагы барандуу орду, жараткан эмгектери, чыгармачылык таланты эскерилди.
Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө Муса Абдиевдин чыгармачылыгына кеңири токтолуп, ал кыргыз киносунун негиздөөчүлөрү М.Убукеев, Т.Океев, Б.Шамшиев жана Г.Базаровдун тасмаларынын жаралышына сүрөтчү-коючу катары зор салым кошконун, биринчи кыргыз тасмасы болгон Л.Шепитьконун “Аптап”, А.Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмаларынын каармандарынын костюмдарын өз колу менен жаратканын, өзүнүн зор эмгеги аркылуу Кыргызстандагы жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү кесиптештеринин жана көрүүчүлөрүнүн арасында таанымал, урмат-сыйга ээ инсан болгондугун баса белгиледи",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Муса Абдиев 1934-жылы Кыргыз ССРинин, Жалал-Абад облусундагы Орто айылында туулган.

Ага ылайык, 1959-жылы Фрунзе шаарындагы көркөм өнөр жогорку мектебин бүткөндөн кийин, эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде тасмалардын сүрөтчү ассистенти болуп, андан соң сүрөтчү-коючу болуп өмүрүн акыркы жылдарына чейин эмгектенген.

Улуттук киноискусствосундагы мыкты жетишкендиктери үчүн СССРдин кинематографиясынын отличниги, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз эл сүрөтчүсү наамдары менен сыйланган.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: