super.kg logo

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу: Депутаттык комиссиянын жыйыны жабык өтүүдө

 

Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Жыйын Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жабык өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратуранын сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Эртеси комиссиянын курамына өзгөрүү кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: