"Эми жолдор кемчиликсиз болот". Бишкекте көчөлөрдүн оюлган жерлери жамалууда






"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорундагы кемчиликтерди жоюуда. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда баш калаанын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери Лев Толстой көчөсүн бойлой Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин иш алып барышууда.
Ал эми Элебесов көчөсүндө Аул көчөсүнөн Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн уландысы менен А.Токомбаев көчөсүнө чейин, ошондой эле Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чуңкурлар жабылды.
Мындан тышкары, Чүй жана Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин эми кемчиликсиз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.