Венгриянын окуу жайларында окууга арыздар 15-январга чейин кабыл алынат
15-январга чейин Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу уланып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын алкагында Кыргыз жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилинде билим алууга гранттарды берет (бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа (бакалавриат+магистратура), магистратура жана докторантура).
"Жол-жоболорун кененирээк билүү үчүн төмөнкү шилтемелер аркылуу өтүнмө берүүгө болот:
https://edu.gov.kg/announcements/329/ шилтемесинде.
Программа жөнүндө маалымат - https://stipendiumhungaricum.hu/ сайтында",-деп айтылат маалыматта.
