Бишкекте 3 кабаттуу жеңил конструкциядан курулган имарат 7,5 баллга туруштук берди




Бишкекте жеңил, ичке дубалдуу конструкциядан курулган 3 кабаттуу имарат жер титирөөгө туруктуу динамикалык сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, текшерүү иштерине Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев, Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Камчыбек Кенжетаев жана тийиштүү адистер катышты. Анын натыйжасында жеңил конструкциядан курулган имарат 7,5 баллдык жер титирөөгө туруштук берди.
Ага ылайык, сыноонун экинчи этабы жеңил конструкциядагы курулуштун дубал-панелдерин жабуу боюнча иштер аяктагандан кийин өткөрүлөт.
"Жеңил, ичке дубалдуу конструкцияга статикалык жана титирөө таасирлерин эксперименталдык изилдөө үчүн “Модуль Хаус” ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, 3 кабаттуу имарат иштелип чыкты. Динамикалык сыноо Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясы тарабынан жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.
