super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге тараптар Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарын, ошондой эле анын алкагында эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

"Соода-экономикалык кызматташтык тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы Анкара шаарында өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын экономикалык күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча жыйынынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде саламаттыкты сактоо, энергетика жана каржы сектору, ошондой эле аймактык коопсуздук жаатындагы бир катар башка маселелерди талкуулашты",-деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, эки өлкө лидерлеринин биргелешкен аракеттери менен акыркы жылдары өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жылуу саламын жолдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: