super.kg logo

Жамгырчиевдин дайынсыз жоголгонго чейинки видеосу тарады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин дайынсыз жоголгонго чейин Ак үйдүн ичинде баратканы тартылган видео тарады.

"Азаттык" радиосу социалдык тармакта жарыялаган видеодон журналист Жамгырчиевдин комментарий алууга аракет кылганын көрүүгө болот.

"Мени кармаганы келишти. Азыр кармаганы жатат", - деген эл өкүлү.

Андан соң Жамгырчиевдин качып кеткени жана азыр кайда экени белгисиз болуп жатканы айтылууда.

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн, 9-январда эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алды. Эми ал жалпы депутаттардын кароосуна киргизилет.

41 жаштагы Эмил Жамгырчиев парламенттеги “Альянс” фракциясынан депутат. Ал буга чейин өзүнө тагылган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратуранын сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Эртеси комиссиянын курамына өзгөрүү кирген.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Эл өкүлү кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.






Видео: Азаттык

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.01.2024. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмил колунда иштеген кызды зордуктады деген ушул Эмилби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: