super.kg logo
  Саясат  

"Сөзсүз чара көрөбүз". Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салды

 

Бүгүн, 9-январда президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жапаров кызмат адамдары тарабынан негизсиз эле ишкерлерге текшерүү болгон болсо президенттин администрациясына кайрылууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбукка жазды.

Жарлыкка ылайык, кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектилерин, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар 2024-жылдын 31-декабрына чейин текшербейт.

"Бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла.

Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин Администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз", - деп жазды президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: