Быйыл Кыргызстанга 3 миллиондон ашык киши келип кеткен
2013-жылы Кыргызстанга жакынкы жана алыскы чет мамлекеттен келип кеткен кишилердин саны 3 миллион 89 миң кишини түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, туризм тармагынан түшкөн салык үстүбүздөгү жылдын 10 айында 75 миллион 628 миң сом болгон. Өткөн жылга салыштырмалуу 953 миң сомго көбөйгөн. Мындан сырткары мейманкана жана кыска мөөнөткө түнөк жай берүү кызматтарынан түшкөн киреше 1 397 600 сомду түзгөн. Ошентип өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 25 пайызга жогорулаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

