super.kg logo

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу: Депутатка карата Өзбекстанда да кылмыш иши козголгону айтылды

 

Бүгүн, 10-январда парламенттин кезектеги жыйыны учурунда эл өкүлү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев комиссиянын чечими тууралуу маалымат берди.

Ал комиссия Башкы прокурорго депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштоо чечимин кабыл алганын тастыктады.

Анын айтымында, эл өкүлү Өзбекстанга чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен. Муну Башкы прокуратура далилдеп бергенин айтты.

Буга чейин жыйын Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жабык өтүп жатканы маалым болгон.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Эртеси комиссиянын курамына өзгөрүү кирген.

Бирок учурда депутаттын кайда экени белгисиз. Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилгенден кийин УКМКнын тергөөчүлөрү ага чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда, Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткени айтылган.

41 жаштагы Эмил Жамгырчиев парламенттеги “Альянс” фракциясынан депутат. Ал буга чейин өзүнө тагылган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: