super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР:  "Унаамды карызга алып, акчасын бербей алдап кетти" дейт окурман. Ал милиция карабай жатканын айтты

 

Унаамды карызга алып, акчасын бербей алдап кетти. Арызым каралбай жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаарынын тургуну Жаштилек Арстанбеков ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Ал өткөн жылдын 16-декабрында М.А аттуу жаран 130 миң сомго унаасын карызга алып, кийин акчасын бербей дайынсыз болгонун айтты.

"Лалафо тиркемеси аркылуу унаамды көрүп, үйгө сатып алууга келген. Бирок акчасын 12 күндө берем деп паспортун калтырып, тил кат жазып, ал тургай апасы, жубайы менен телефон аркылуу сүйлөштүргөн. Ага ишенип унаамды бергем. Кийин такыр байланышка чыкпай, телефон номерлери иштебей калды ", - дейт Арстанбеков.

Ал бул иш боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганын айтты.

"1-январда жубайым экөөбүз арыз жаздык, бирок "арызыңыз каралбайт" деп коюшту. Унаа да орусиялык номерде болчу. Кийин дароо эле сотко кайрылгыла дешти. Бирок бизди сот кабыл албайт да, алгач тергөөчүлөр ишти тергеши керек болчу. Эми кайсыл жакка кайрылабыз? 130 миң сом биз үчүн абдан чоң акча", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: