Индияда мейманканада кыргызстандык туристтин жансыз денеси табылды
Индиянын Ришекеш шаарындагы мейманканалардын биринде кыргызстандык 32 жаштагы турист асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазат.
Маалым болгондой, ал кондиционердин шнуруна асынып алган.
Каза болгон аял аталган шаарга 12-декабрда чет элдик туристтер тобу менен бирге медитация программаларына катышуу үчүн келген.
Кошумчалангандай, турист кулпусу ачык бөлмөдө асынып калган абалда табылган.
Сөөк экспертизага жөнөтүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















