Индияда Кыргыз жаранынын асынып алышы: Тышкы иштер министрлиги үн катты
Индияда мейманканада асынган абалда табылган Кыргыз жаранынын сөөгү "Жүк-200" аркылуу мекенине жеткирилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
"2024-жылдын 5-январында Кыргызстандын Индиядагы элчилигине Ришикеш шаарындагы мейманканалардын биринде Кыргызстандан келген турист асынып алган абалда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Элчилик тез арада Индиянын укук коргоо органдарына бул факты боюнча толук маалымат берүү өтүнүчү менен тиешелүү суроо-талап жөнөтүп, маркумдун жакын туугандары менен байланыш түзгөн. Ришикеш шаардык полициясынан билдиришкендей, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошол эле учурда министрлик маркумдун жакындары маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бардык керектүү жол-жоболор жүргүзүлгөндөн кийин министрликтин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жардамы менен 2023-жылдын 8-январында "Жүк-200" Кыргызстанга алынып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген. Индияда Кыргыз жараны менен болгон окуя министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Буга чейин Индиянын Ришекеш шаарындагы мейманканалардын биринде кыргызстандык 32 жаштагы турист асынып алган жеринен табылгандыгы кабарланган.




