super.kg logo
  Саясат  

Президенттин катчысы Садыр Жапаровдун атын жамынган шылуундардан сак болууга чакырды

 

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда өлкө башчы Садыр Жапаровдун атын жамынып, алдамчылык кылгандар чыгып жатканын бүгүн, 10-январда Фейсбукка жазды.

Алагөзов президенттин атын жамынган шылуундарга алданып калбоого чакырып, "Nolik" деген аккаунттун скриншотун кошо жарыялаган.

"Акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атын жамынып социалдык тармакта ар кыл көз боёмочулук аракеттерге баргандар чыгууда.

Алар аз каражат салып, кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө.

Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч кандай сынак же дагы бир пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз", - деп жазды президенттин катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: