super.kg logo

Москвада өткөн эл аралык сынакта кыргыз басмаканалары жеңүүчү болушту

 
Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Москвада өткөн эл аралык “Китеп искусствосу” сынагында жеңүүчү болгон кыргыз басмаканаларынын өкүлдөрү менен жолугуп, аларга сынакта алган сыйлыктарын тапшырды.
"2023-жылдын аягында Орусиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ХХ Эл аралык “Китеп искусствосу» сынагын уюштуруп өткөргөн. Сынакка КМШга мүчө мамлекеттерден 49 басылма сунуш кылынган.
Кыргызстандан катышкан басмаканалардын ичинен “Евразия элдеринин айтуучулары" аттуу китеби үчүн "Турар" басмасы “Диалог культур” номинациясы боюнча I даражадагы диплом менен сыйланган. “Аңгемелер, КМШ өлкөлөрүнүн азыркы адабиятынын антологиясы” китеби үчүн “Улуу Тоолор” басмасы “Шериктештик” номинациясы боюнча I даражадагы дипломго ээ болгон", - деп жазылат анда.
Ал эми "AG 5P" басмасы Д.Ухинанын “ХХ кылымдагы сүрөтчүлөрдүн иштериндеги Кыргызстандын искусствосу: живопись, графика, скульптура, керамика” китеп каталогу үчүн "Арт-китеп" номинациясы боюнча II даражадагы дипломуна, "St.Art Ltd" басмасы А.Козубекованын “Шахмат дүйнөсү” китеби үчүн “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китептер” номинациясы боюнча III даражадагы дипломго татыктуу болгону кабарланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: