super.kg logo

Акылбек Жапаров ЖОЖдун ректорлору менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, төрага облустардагы ЖОЖдор өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү планын иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштешүүсү зарыл экенин айткан.

“Ар бир аймактык университет өзүнүн профессордук-окутуучулар курамын пайдаланып, өлкөнүн райондорун өнүктүрүү планын, ал гана эмес ар бир айыл өкмөттү өнүктүрүү планын даярдоосу керек. Илим экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүшү зарыл, анализдеп, болжолдоп, дайыма бир кадам алдыда болушу керек.

ЖОЖдор президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен тыгыз иш алып баруу менен ректорлор ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн коллегиясынын курамына кириши керек. Баарыңыздарга маалым болгондой, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырыла баштады, 100гө жакын ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Тиешелүү кадр резерви болушу керек, ошондуктан Билим берүү министрлиги жана ЖОЖдор муну өзгөчө эске алып, тиешелүү адистерди даярдоосу зарыл”, – деди Жапаров.

Ошондой эле ал IT тармагындагы адистерди даярдоого да өзгөчө көңүл буруу керек экенин билдирген.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилгени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: