super.kg logo

Өлкөдө мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы 18-19-январда өтөт

 

Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын II баскычы 18-19-январында өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров, ушул башкармалыктын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен республикалык олимпиаданын II баскычын өткөрүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү.

Ага ылайык, Алтынбек Жапаров райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына 2019-жылдын 11-ноябрындагы “Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө” жобого ылайык бардык талаптарды аткаруу жана сактоо менен олимпиаданы өткөрүү тапшырмасын берди.

"ББОУБдун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан алдын-ала берилген электрондук почталарга райондук/шаардык олимпиаданын биринчи турун өткөрүү үчүн 18-январда саат 07:00дө кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган бардык дептерлердин электрондук версиялары жибериле тургандыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 19-январда саат 07:00дө ББОУБ тарабынан олимпиаданын экинчи туру үчүн дептерлердин электрондук версиялары жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: