super.kg logo

Баткенде Жалпы дарыгерлик практика борборунун эки бөлүмүнүн имараты ишке кирди

 

2023-жылдын 30-декабрында Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар жандандыруу, дарылоо жана кеңеш беруу бөлүмдөрү жайгашкан имараттын курулуш иштери бүткөрүлүп ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Курулуш иштери 2018-жылы башталып, бирок токтоп калган. 2023-жылы республикалык бюджеттен 58 миллион сом бөлүнүп курулуш иштери кайрадан жанданган, ошондой эле бөлүнгөн каражаттын ичинде эмеректер жана медициналык жабдуулар да каралган.

"1560 чарчы метр турган имаратта 12 орундуу балдар бөлүмү, 6 орундуу балдардын жандандыруу бөлүмү жана биринчи кабатында дарылоо кеңеш берүү бөлүмү (поликлиника) жайгашты", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн:

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору 1928-жылы участкалык оорукана болуп түзүлгөн. Учурда 1960-1980-жылдары мектеп-интернат үчүн курулган имаратта жайгашкан. Беш айыл аймактын 65 миң калкын медициналык жактан тейлеген төрөт, хирургия, терапия, балдар, балдар жандандыруу, жугуштуу, реанимация бөлүмдөрү, ошондой эле Марказ жана Кара-Жыгач филиалдарынан, 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан жана 6 ФАПтан турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: