super.kg logo
  Саясат  

Жээнбек Кулубаев менен Түркиянын Тышкы иштер министринин жолугушуусунда эмнелер талкууланды?

 

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында анын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тар форматтагы сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен тобунун 6-жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда ТИМден билдиришти.

Мааламдалгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жана Биргелешкен топтун отурумунун алкагында тараптар мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу стратегиялык жана боордош мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүүнүн келечегин карап чыгышты.

Анда соода-экономикалык кызматташтыктын динамикасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти. Анын ичинде эки тараптуу кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү аркылуу.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык жана аскердик-коргоо чөйрөлөрүндө жигердүү өнүгүп жаткан кызматташтыкты жана бул жаатта кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн болгон потенциалды белгилешти.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ишмердүүлүгү, "Маариф" билим берүү фондунун мектептеринин тармагын кеңейтүү, ошондой эле жарандарыбыз Түркиянын медициналык мекемелеринде акысыз дарылана ала турган Макулдашууну ишке ашырууну кайра жандандыруу талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын жашоосун, иштөөсүн, окуусун жана өз ара саякаттоосун жеңилдетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлерин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүү, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунда өз ара аракеттенүү боюнча макулдашышты.

Ага ылайык, Түркиянын министри Фидандын расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен иштерди мындан ары жылдырууну камтыган 2024-2026-жылдарга кызматташтык программасына кол коюлду. Ошондой эле, Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Андан ары министрлер маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

Иш сапардын алкагында министр Хакан Фидандын президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуулары пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: