super.kg logo

"Тоолуу аймактарда кар жаайт". 11-январга күтүлгөн аба ырайы

 

Эртең, 11-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: