super.kg logo

Казакстанда кызыл китепке кирген 828 ак куунун өлүгү табылды

 
Казакстанда куш тумоосунан жана булганган суунун кесепетинен кызыл китепке кирген ак куулар кырылууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Мангистау облусундагы Каракөл көлүнөн 828 ак куунун өлүгү табылды. Экологдор жергиликтүү мейманканадан чыккан суу көлгө куюлуп, анда зыяндуу заттар бар экенин аныктаган. Мындан тышкары, иликтөө куш тумоосу бар экенин дагы тастыктаган.
Учурда өлкөнүн Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги аймактык инспекциялардын инспекторлору жана мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлеринин нөөмөт тартиби түзүлгөндүгүн, көл күн сайын изилденип жатканын кошумчалады.
Аталган көлдө буга чейин 21-декабрда да 30 куштун өлүгү табылып, жергиликтүү бийлик алар куш тумоосуна чалдыкканын билдирген. Бирок 1-январда активист, блогер Азамат Сарсенбаев кырылган ак куулардын саны мындан да көп экенин айтып чыккан. Андан соң Экология министрлиги ак кууларды дрон менен тартканы үчүн Сарсенбаевге айып пул салган. Жергиликтүү экологдордун айтымында, ак куулар анын дронунан алсырап, куш тумоосунун вирусуна көбүрөөк кабылган. Бул кабарды уккан казакстандыктар блогердин айып пулун бир сааттын ичинде топтоп беришкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: