Бишкектеги "Баткен-Комфорт" базарынын жарымынан көбү мамлекетке өттү
Бишкектеги курулуш материалдарын саткан "Баткен-Комфорт" базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2000-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскар Шадиев Жогорку Кеңештин Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, жеке кызыкчылыгы үчүн борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин ("Баткен-Комфорт" базарын) алып, өзүнүн туугандарына каттаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жер участогунун иш жүзүндөгү ээлери аталган (С.Шадиевдин жана М.Шадиевдин) жакын туугандары «БГАТП» ЖАКтын акцияларынын контролдук пакети (64,38%) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү.
Муну менен катар, 9-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары «БГАТП» ЖАКтын жетекчилигин алмаштырган, мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн айына 10 миллион сомго жакын (жылына 120 миллион сом) каражат мамлекеттик бюджетке түшөт.
"Ошол эле учурда, 2020-жылдан бери республикадан тышкары "Интерпол" тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн А.Шадиев, жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган «БГАТП» ЖАКтын калган акцияларына карата, акцияларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу мүмкүндүгү үчүн сот тартибинде акцияларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.
