super.kg logo

"Апамдын каттамасын" билесизби? Депутат алардын маселесин Жогорку Кеңеште көтөрдү (видео)

 

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Кеминдеги белгилүү "Апамдын каттамасында" иштегендерге сентябрь айына чейин мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.

Депутат кайрылуусунда ал жерде иштегендерди "Темир жол" мекемеси март айына чейин көчкүлө деп айтканын белгиледи.

"Ар бир өлкөдө өздөрүнө-өздөрү иш таап алгандарды колдошот. Кыргызстанда деле жөнөкөй эле жай бар "Апамдын каттамасы" деген, бирок аны элдин баары таанып калды. Кыргызстанда бул жерди билбеген адам жок. Эми ошол жерде канча адам жумуш кылып жатат, насыя алгандар бар экен, сүт, каймагын сатып жатышат.

Ал жер темир жолдун аймагы экен. Аларды көчкүлө деп мартка чейин мөөнөт бериптир. Албетте коопсуздук маселеси бар, бирок Балыкчыга саат сайын эле поезд каттай бербейт. Экинчиден Япония, Кореяда көп кабаттуу үйлөрдүн арасынан өтөт поезддер, бирок эл жашап эле атпайбы. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо сентябрга чейин убакыт берсеңиздер, алар сезондо иштеп алышсын", - деди Кадырбеков.






"Апамдын каттамасында" иштегендердин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: