super.kg logo

Сеид Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаев жакында Кыргызстанга келбей турганын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаев жакында Кыргызстанга келбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Депутат социалдык тармактарда 28-январда Кыргызстанда митинг өтөрү тууралуу маалыматтар тарап жатканын жана бул маалыматка ишенбөөгө чакырды. Анын айтымында, атасы дагы деле ден соолугу менен күрөшүп келе жатат.

"Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт!

Провокацияга алдырбагыла, туугандар! Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар гана таратышы мүмкүн", - деп жазды депутат.

Эске салсак, 14-февралда Алмазбек Атамбаев ага карата козголгон "Батукаев иши" Жогорку Сот тарабынан кыскартылып, эркиндикке чыккан. Сот ошондой эле ага ден соолугуна байланыштуу чет жакка чыгууга уруксат бергени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: