super.kg logo

Казакстанда -30 градус суук болууда. Мектептер онлайн окууга өттү

 

Казакстанда ушул күндөрү туруксуз аба ырайы катталып, айрым шаарларда окуучулар онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Власть.kz басылмасы жазды.

Маалымттарга ылайык, катаал аба ырайынан улам өлкөнүн 5 шаарындагы электр зымдары үзүлгөн. Алсак, Таразда катуу шамалдан дарактар жана турак жайдын балкондору кулап, авто унаалар зыянга учураган. Шамалдын ылдамдыгы Тараз шаарында секундасына 30 метрге жеткен. “109” жардам кызматына электр жарыгынын өчүрүлүшү тууралуу эки жүзгө жакын билдирүү түшкөн.

Ал эми Шахтинде бороондуу шамал жана катуу кар бурганагына байланыштуу электр зымдары үзүлүп, бир канча айыл-аймактар жарыксыз калды. Туруксуз аба ырайы жана бурганактаган бороондон улам бардык багыттар боюнча каттамдар жабылды.

Павлодарда катуу шамалга байланыштуу жаңы жылдык балаты кулап түшсө, Усть-Каменгорск, Караганда, Семейде дагы электр жарыктары өчүп, жолдор жабылды.

"Павлодар, Костанай, Тараз, Семей жана Абай облустарында абанын температурасы -30 градуска чейин түшүп, мектептер жана жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өттү", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: