super.kg logo

Евробиримдик Кыргызстанга 295 миллион сом кайтарымсыз грант берди

 

Европа Биримдиги Кыргызстанга 295 миллион сом (3 миллион евро) грант берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Финансы министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, кайтарымсыз каражат министрлер кабинетинин санариптик трансформацияга байланышкан долбоорун колдоо максатында бөлүнгөн.

"Бул гранттык каражат жогорку технологиялар паркындагы санариптик укуктардын заманбап борборуна көмөк көрсөтүүгө, "Санарип-Аймак" системасын өлкөнүн бардык аймагына жайылтууга ошондой эле калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү жана өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу үчүн жумшалат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары гранттык акча санариптик чөйрөдөгү программалык камсыздоону иштеп чыгууга, тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө, өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүүгө багытталат.

Электрондук башкарууну ишке ашыруу үчүн Евробиримдик мамлекеттик органдарда окутууларды жүргүзөрү да кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: