super.kg logo
  Саясат  

Бекешев депутаттар "Тез жардам" унааларын бөлүштүрүүгө кийлигишип жатканын айтып чыкты

 

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте "Тез жардам" унаалары жетишсиз болуп жатканын айтып, өкмөттү бул маселени чечүүгө чакырды.

Эл өкүлү өлкөдө сасык тумоо жайылган чакта Бишкек шаарында тез жардам кызматынын жеткиликтүү иштөөсүн камсыз кылууга көңүл бурду.

“Учурда Бишкек шаарындагы тез жардам кызматында 85 бош жумуш орун бар экен. Адистер жетишсиз, мындан тышкары тез жардам унаалары да тартыш. Кызматкерлердин маяналарын, кошумча төлөөлөрүн да карап чыгуу керек”, - деди Бекешев.

Ошондой эле ал Бишкекке келген жаңы тез жардам унааларын депутаттар кийлигишип аймактарга жибертип ийген учурлар бар экенин айтты.

"Бул өтө терс көрүнүш. Унаалар муктаждыкка жарааша бөлүнүшү керек. Каякка берилерин депутат эмес, атайын комиссия аныкташы зарыл", - деди ал.






Жогорку Кеңеш 11.01.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: