super.kg logo

Экөө бир тууган эже-сиңдилер. Ошто сойкулук менен алектенген кыздар кармалды (фото)

 

Ошто интимдик кызмат көрсөтүп келишкен 17 жана 19 жаштагы бир тууган эже-сиңдилер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ош шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-январда милицияга Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү батирлердин биринде сойкулук менен алектенген кыздар боюнча маалымат түшкөн. Аталган даректи текшерүүдө 1993-жылы туулган Р. кызы М., 2005-жылы туулган Т.А. жана анын сиңдиси 2007-жылы туулган Т.Т. аныкталып, тиешелүү далил буюмдары алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө эж-сиңдилердин сойкулук үчүн көмүскө жайларды уюштурганы аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык иш козголгон жана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле Ош шаарында массаж жасоочу катары иштеп, бирок сойкулук менен алектенип жүрүшкөн Нарын облусунун тургуну 2003-жылы туулган Э. кызы Л. жана Ош шаарынын 1990-жылы туулган тургуну кармалышкан. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: