super.kg logo

"Кымбат унаалар, долларлар...". УКМК Имамидин Ташовдун үйүн тинтүүгө алды (фото)

 

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК Ташовдун үйүнөн кымбат баадагы унаалар, ири каражаттар табылганын билдирди.

"Ташовдун жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири каражаттар, кымбат баалуу кызматтык унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылып, алынган. Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ташиев муну четке каккан.

Кечээ, 10-январда УКМК Ташов бир катар адамдар менен биргеликте бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип, ага карата издөө жарыяланганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: